Бул тууралу “Азаттыкка” Ош облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаков билдирди.
“Окуяны угарым менен дароо териштирдим. Ал балдардын бири дагы менин өкүл балам эмес. Милиция журналистти сабаган балдарга издөө салды. Кармалса мыйзам чегинде жооп беришет. Кокус алардын бири өкүл балам болуп калса калкалабайм”, деп айтты У.Өмүрзаков.
Бүгүн түш оой “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду Оштун борбордук аянтынан белгисиз адамдар сабап кетишкен. Алардын бири Улукбек Өмүрзаковдун өкүл баласы экенин айткан.
Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн учурда териштирүү иштери башталып, кол салгандар изделип жатканын кабарлашты.
Улукбек Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин Ош шаары, Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (МТо)