Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:46

Түркия: Жакында "ИМге" каршы катуу күрөш башталат


Мевлут Чавушоглу
Мевлут Чавушоглу

Мындай билдирүүнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу 5-августта жасады.

Анын Куала-Лумпурдагы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саммитинде айтканына караганда, АКШнын аба күчтөрү Түркиянын Сирия менен чек арасындагы Инжирлик аскерий аба бекетине келе баштады.

“Жакында АКШ менен Түркия Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы кеңири масштабдагы күрөштү баштайт” деди Чавушоглу.

Июль айынын акырында Түркиянын истребителдери чек арадан өтпөстөн туруп, Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун турумдарына сокку урууну баштаган.

Ошондон көп өтпөй Түркия Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмунун позицияларына сокку уруу үчүн түштүк-чыгыштагы Инжирлик аба майданын АКШга колдонууга берген. Бул чечим Сирия менен чек арадагы түрк аскери өлтүрүлүп, ошондой эле Суруч шаарындагы 32 адамдын өмүрүн алган жардыруу болгондон кийин кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG