Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Аспеков Турсунбековду соттошууга үндөдү


Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

“Мекенчил” партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду соттошууга үндөдү. Маалыматка ылайык, Турсунбеков Нариман Түлеевдин ишине байланыштуу айткан сөздөрү үчүн Аспековго карата чара көрүүнү Ички иштер министрлигинен суранган. Депутат муну “менин аброюма шек келтирилип жатат” деп негиздеген.

Аспеков “Азаттыкка” билдиргендей, 5-август күнү ага Тергөө башкармалыгынан Сүйүнбек Аблатов аттуу кызматкер чалып, түшүндүрмө берип кетүүгө чакырган. Аспеков депутаттын бул аракетин мыйзамсыз деп атоодо:

-Мыйзам боюнча, мындай учурда сотко кайрылыш керек. Милицияга айтып, чара көргүлө деп буйрук бергени туура эмес. Мага кайсыл берене менен чара көрөт? Тергөөчү да бул суроомо жооп бере алган жок.

Мелис Аспеков буга чейин Нариман Түлеевди абактан чыгаруу боюнча коррупциялык иштерге Чыныбай Турсунбековдун да тиешеси болушу мүмкүндүгүн, муну териштирүү зарылдыгын айткан эле.

Бул боюнча Турсунбеков азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG