Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разактын айтымында, француз эксперттери Инд океанынын жээктеринде табылган учактын канатынын сыныктары бир жыл мурда сырдуу жагдайда жоголуп кеткен Malaysia Airlines авиакомпаниясынын учагыныкы экенин аныктады. МН370 учагынын бөлүктөрү 29-июлда Реюньон аралынан табылган.
Өткөн жылдын март айында Куала-Лумпурдан Пекинге багыт алган учак көтөрүлгөндөн кийин бир саат өтүп радардан көрүнбөй калган. Анда 239 жүргүнчү бараткан эле. Учак Инд океанына кулап түшкөн деп божомолдор айтылып келген. (SE)