Испанияда сууда фридайвинг боюнча орусиялык чемпион, 53 жаштагы Наталья Молчанова дайынсыз жоголду. Аны көпчүлүк кайталангыс дайвер айым деп атаган. Маалыматтарга караганда, үч күн мурун ал Жер ортолук деңизинде, Форментер аралынын жээгинде 30-40 метрге чуңкуган бойдон дайыны чыкпай калган.
Молчанова эки баланын энеси, 23 ирет чемпион болгон, 41 жолу рекорд койгон спортчу.
Фридайвинг – суу астында сүзүү боюнча спорттун түрү.
Молчанова 101 метрге чейин чуңкуган. (SE)