Кыргызстан 6-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болгону тууралу айрым булактарга жарыяланган маалымат так эмес. Бул тууралу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирип, биримдикке мүчө өлкөлөр менен тийиштүү макулдашуулар жүрмөйүнчө так күн аныкталбастыгын ырастады.
4-августта Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришин макулдаган документке кол койгон. Мурдараак бул келишимге Орусия, Беларус жана Армения бийликтери макулдугун беришкен.
Кыргызстандын биримдикке мүчөлүккоө кошулуп, аны менен чогуу-чаран иш жасоочу күн жакын арада аныкталарын 5-августта Экономика министри Олег Панкратов журналисттерге билдирген. (SE)