Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Кыргыз-тажик чегиндеги күч кызматкерлеринин шарты начар


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырды жөнгө салып, абалды көзөмөлгө алган күч кызматкерлерине тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Алар арыктагы агын сууну ичип, тамак-ашы начар экендигин укук коргоочу Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” билдирди.

А. Абдурасулова ички иштер кызматкерлерине шарт түзүп берүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сунуш киргизип, бирок ага канааттандырарлык жооп алган эмес.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, 3-4-август күндөрү жер жана суу маселесине байланыштуу жаңжалдашкан. Тараптар бири-бирине таш атышып, Көк-Таш айылындагы үйлөр зыян тарткан. Эки тараптан жабыркагандар бар.

Тажикстан тургундары Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну тосуп салышкан. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымдашынча, аймактагы абал тынч. (SE)

XS
SM
MD
LG