Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Салык кызматы: кулпулаган кампадан арак уурдалды


Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Чүй районунан табылган жасалма арак продукциясы уурдалып кеткен. Мындай маалыматты салык кызматы билдирди.

Мурдараак текшерүү учурунда райондогу “Балыкчы арагы” заводунан чыгарылган 13 млн. сомдук 19 миң чамалуу күмөндүү акциз маркалары чапталган бөтөлкө ичимдик убактылуу тартылып алынган.

Чүй ИИБинин иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында уурдалган продукциянын басымдуу бөлүгү табылды. Эми аны кимдер эмне максатта уурдашканы териштирилүүдө.

Ал эми жасалма продукциянын ээсине кылмыш иши козголду. (МТо)

XS
SM
MD
LG