Ошто “Жумуш жана эмчек эмизүү” жумалыгында балдардын ден соолугун сактоого багытталган иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук төрөт үйүнөн кабарлашты.
Жумалыкта жумушчу аялдарга эмчек сүтүн туура сактоо, баланы эки жылга чейин эмчек сүтүнөн ажыратпоо ыкмалары үйрөтүлөт.
Дарыгерлер көп энелер жумушунан айрылып калбаш үчүн баланы эмчектен эрте чыгарып салышы адатка айланганын айтышат. Мындан балдардын иммунитети начарлап, ден соолугуна залал келүүдө.
Ушундай эле акция былтыр “Бала жана эмчек сүтү” деген аталышта өткөн. (YI)