Жалал-Абаддагы 7 айыл өкмөтү быйыл толук өзүн-өзү каржылоого өтөт.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жарым жылдын жыйынтыгын караган облустук жыйында билдирди.
“Кээ бир аймактарда көмүскө экономика ачыкка чыкпай, айыл өкмөт башчылары республикадан келген акчага эле жашап көнүп калышкан. Мына ошол көмүскө экономиканы көрүнөөгө чыгаруу планга коюлду. Калган эки айыл өкмөт кенден түшкөн пайданын 2% алат, мына ошонун эсебинен дотациядан чыгышат”, деди Ж.Эгембердиева.
Учурда облустагы 68 айыл өкмөттүн 10 гана өзүн-өзү каржылайт. (RsK)