Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

Жапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерди


Жапония -- Атом бомбасынын курмандыктарын эскерүү. Хиросима, 6-август, 2015
Жапония -- Атом бомбасынын курмандыктарын эскерүү. Хиросима, 6-август, 2015

Жапонияда бүгүн Хиросимага 70 жыл мурун ташталган атом бомбасынын курмандыктарын эскеришти. Эскерүү мүнөтү Токио убактысы менен 8ден 15 мүнөт өткөндө жарыяланды. 1945-жылдын 6-августунда дал ушул убакытта шаарга атом бомбасы түшкөн.

Эскерүү чарасына 50 миңден ашуун киши келип, ага премьер-министр Синдзо Абе да катышты. "Мен атом бомбасынан курман болгондордун жакындары менен бул апаатты башынан өткөргөндөрдүн баарынын кайгысын тең бөлүшөм жана биз дүйнөнү ядролук куралдан толугу менен баш тартууга жетишерибизге убада берем", - деди премьер чогулгандардын алдында. Абе Улуттар уюмуна ядролук куралдан арылууга чакырган жаңы резолюциянын долбоорун сунуштоого ниеттенип жатканын да кошумчалады.

Хиросима менен Нагасакидеги эскерүү чараларына АКШ мамлекеттик катчысынын эл аралык коопсуздук жана куралданууга көзөмөл боюнча орун басары Роуз Геттемюллер да катышууда. Ал жыл сайын өтчү мындай эскерүүлөргө катышкан АКШнын алгачкы жогорку даражалуу өкүлү болду.

1945-жылдын 6-августунда АКШ аскерлери Хиросима, 9-августта Нагасаки шаарына атом бомбасын таштаган. Бул жарылуулардан 150 миңден 250 миңге чейин адам каза тапканы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG