Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, аталган мекемеге караштуу бардык мектептердин жана бала бакчалардын даректери, байланыштары жана китепканасы тууралуу маалыматтар oshbilim.kg сайтында атайын баракчага киргизилет. Бул ата-энелер менен окуучуларга жеңилдик жана жардам катары жасалууда.
Учурда Ошто аталган башкармалыкка караштуу 54 мектеп жана 30 бала бакча бар. (ErN)