Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Баку сотунда укук коргоочу Лейла Юнусту 11 жылга кесүү суралды


Лейла жана Ариф Юнус
Лейла жана Ариф Юнус

Бүгүн Азербайжанда укук коргоочу жубайлар Лейла жана Ариф Юнустун соту уланды. Анда мамлекеттик айыптоочу Лейла Юнусту 11, анын күйөөсү Ариф Юнусту 9 жылга эркинен ажыратууну сурады. Сот ишти кароону 10-августка жылдырып, тыныгуу жарыялады. Укук коргоочулардын соту 27-июлда башталган.

Азербайжандагы белгилүү укук коргоочу, 59 жаштагы Лейла Юнус былтыр июлда, 60 жаштагы күйөөсү Ариф Юнус андан бир айдан соң камакка алынган. Аларга мамлекеттик чыккынчылык, алдамчылык, жасалма документ колдонуу, салыктан качуу жана мыйзамсыз ишкердик кылуу боюнча айыптар тагылган. Укук коргоочу жубайлар өздөрүнө тагылган мындай айыптарды саясий негизде деп, четке кагып келет.

Лейла Юнус бийлик каттоодон өткөрбөй койгон Бакудагы Тынчтык жана демократия институтун негиздеп, аны жетектечү. Адам укуктарын коргоо маселесинде өлкө бийлигин катуу сындап келген. Күйөөсү Ариф Юнус тарыхчы жана Кавказдагы чыр-чатактарды изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү.

Укук коргоочу жубайлардын камалышын АКШ, Европа Биримдиги жана Human Rights Watch, Amnesty International сыяктуу укук коргоочу эл аралык уюмдар да айыптап, Азербайжан бийлигинен аларды токтоосуз бошотууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG