Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Кыргызстандык куруучулар кесиптик майрамын белгилешүүдө


Кыргызстан куруучуларынын кесиптик майрамын утурлаган расмий иш-чара бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өттү. Анда куруучуларды куттуктаган Кыргызстандын архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба агенттик жетекчиси Турдубек Мамбетов 90 жыл ичинде курулуш тармагы боз үйдөн 24 кабаттуу имаратка чейин өсүп жеткенин белгиледи.

- Ак үй баш болгон мамлекеттик мекемелерди, филармония баш болгон маданий, музей баш болгон тарыхый мекемелерди салдык. Кара жолдор, темир жолдор, туннелдер, ири завод фабрикалар салынды. Көбү Совет учурунда, союздун акчасына курулганы менен, кыргыз куруучуларынын колунан чыкты да булар, - деди башкы куруучу "Азаттыкка".

Кыргызстандык куруучулар менен архитекторлор 1994-жылдан бери август айынын экинчи жекшембисин кесиптик күн катары белгилеп келатышат. (МТо)

XS
SM
MD
LG