Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

“Кыргыз тест” системасы даяр


Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргыз тест” системасы иштөөгө даяр. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү министрлиги жарыялады.

Эми бул система аркылуу электрондук тестирлөө менен тил билүү деңгээлин ар бир жаран, анын ичинде аткаминерлер менен саясатчылар да текшере алышат.

Өткөн жылы 2014-2020-жылдар ичинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү Улуттук программасы кабыл алынган.

Анда “Кыргыз тест” системасынан милдеттүү өтүү каралган. Ошондон быйыл күздөн тарта мамкызматкерлер милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча тест тапшырышат.

Ал эми мамлекеттик тил мыйзамы сакталбаган убакта, жыл ичинде мыйзам бузуу кайталана берсе жеке адамдарга 5 миңден 10 миң сомго чейин, укуктук жактарга 20 миңден 50 миң сомго чейин айыппул салуу каралган. (AiJ)

XS
SM
MD
LG