Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Кыргызстандагы JICA бүтүрүүчүлөрү кайрылуу жолдоду


Жапониянын JICA уюму аркылуу билим алган кыргызстандыктар Борбор Азияда ядролук куралсыз аймак түзүү демилгесин колдойт. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөр ассоциациясы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылыт. Ассоциациянын президенти Данияр Бакчиевдин айтымында, Кыргызстандын бул демилгеси колдоого татыктуу, себеби Жапония башынан өткөргөн оор мүшкүлдү адамзат мындан ары кайталабашы керек.

Бүгүн Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы 70 жыл мурунку окуянын курмандыктары эскерилүүдө.

1945-жылдын 6-августунда АКШ аскерлери Хиросима, 9-августта Нагасаки шаарына атом бомбасын таштаган. Бул жарылуулардан 150 миңден 250 миңге чейин адам каза тапканы айтылып келет.

Жапон өкмөтү каржылаган JICA уюму аркылуу жүздөгөн кыргызстандык студент жапон университеттеринде билим алып, мамлекеттик кызматкерлер тажрыйбасын өркүндөтүп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG