Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:05

Мухиттеги аралдан дагы учактын сыныктары табылды


Реюньон аралынын жээгинен табылган учак сыныктарын көтөрүп бараткан адамдар, 29-июль, 2015.
Реюньон аралынын жээгинен табылган учак сыныктарын көтөрүп бараткан адамдар, 29-июль, 2015.

Инди мухитиндеги Реюньон аралынын жээгинен иллюминатордун бөлүктөрү, отургучтун жаздыктары жана учактын башка майда сыныктары табылды. Мурдараак ушул эле жерден учак канатынын сыныктары табылган эле. Эксперттер аны былтыр сырдуу жагдайда жоголуп кеткен Малайзиянын "Боинг-777" учагына таандык деп тапкан. Бирок бүгүн Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай бул сыныктар дал ошол жоголгон учактыкы деп так кесе айтуу азырынча мүмкүн эместигин билдирди. Табылган сыныктардын баары Францияга экспертизага жиберилди. Малайзиялык адистер издөө иштерин улантууда.

Мунун алдында Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак француз эксперттери канаттын сыныктары былтыр жоголгон учактыкы экенин аныктаганын айткан. Бирок эксперттер өздөрү ошондой болушу ыктымалдыгын гана билдирүүдө.

Былтыр мартта Куала-Лумпурдан Пекинге багыт алган учак көтөрүлгөндөн бир саат өткөндө радардан көрүнбөй калган. Учак ошону менен ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Издөө иштери натыйжа бербеген соң андагы 239 адамдын баары каза тапты деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG