Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Ирандагы күрөш чемпионатында кыргызстандыктар ийгилик жаратууда


Тегеран шаарында өтүп жаткан Алыш бел боо күрөшү боюнча VI Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргыз балбандары бир алтын, бир күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" спорттун аталган түрү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди. Маалыматка караганда 6-августта эркектер арасында 6 салмакта байгелер ойнотулуп, Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду.

70 кг салмакта Мырзабек Кочкоров алтын, +100 кг салмакта Кубанычбек Көкүмов күмүш медал тагынды. Коло байгелер Искендер Өскөнбаев (-60 кг), Эсенбек Кудайбергенов (-80 кг) жана Кадыр Келсинбековго (-100 кг) ыйгарылып, эркектер арасында кыргыз курамасы командалык эсепте 2-орунду алды. 1-орунга Иран, 3-орунга Түркмөнстандын курамалары жайгашты.

Бүгүн, 7-августта мелдештин акыркы күнүндө кыз-келиндер бел кур алышат. Байге үчүн Кыргызстандан Мадина Надирова, Мээрим Момунова, Бүбүсара Абдиманап кызы, Назира Алмазбекова жана Нагира Сарбашова чыгат. Азия чемпиондугуна 11 мамлекеттен 130 балбан катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG