Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Орусияда Батыштан келген азыктарды жок кылууга каршы кол топтолууда


Быштакты жок кылуу. Белгород облусу, 6-август, 2015-жыл.
Быштакты жок кылуу. Белгород облусу, 6-август, 2015-жыл.

Орус бийлиги атайын техниканын жардамында Батыштан аткезчилик жолу менен келген тонналаган азык-түлүктөрдү жок кыла баштады. Телеканалдар 6-августта Белгород облусунда, Украина менен чектеш жерде тогуз тонна сыр жок кылынганын көрсөттү. Кабарларга караганда, Европадан өндүрүлгөнү айтылган бул азык кутусуна тиешелүү маалыматтар жазылбаган түрдө келген.

Ушул эле күнү өлкөнүн бир катар аймактарына Түркиядан, Латвиядан келген 200 тоннадай мөмө-жемиш жана башка азыктар жок кылынды.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Батыш киргизген экономикалык санкцияларга жооп катары Москва айрым азыктарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Өткөн аптада президент Владимир Путин бул чечимге баш ийбей алынып келинген азык-түлүктөрдү жок кылуу боюнча буйрук чыгарган.

Ал арада импорттолгон азыктарга карата бийликтин бул аракетине каршы орусиялыктар кол топтоодо. Интернетте жүргүзүлүп жаткан акцияга 300 миңдей орусиялык кол койду. Бирок Россельхознадзор чет элден келген азыктарга каршы буйрукту ишке ашыруу улантыларын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG