Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Жети-Өгүздөгү мектеп курулушу кечикти


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жөнбулак айылдык мектебинин курулушу кечеңдеп жатканы премьер-министр Темир Сариевдин Көл кылаасындагы иш сапарында айкынга чыкты. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедованын маалымдашынча:

“2014-жылы салына баштаган мектептин биринчи кабаты гана бүтүп, экинчи кабатынын дубалы тургузула элек экен. Анан калса эски долбоор менен салынып, даараткана, кол жууган жайлары сыртта калыптыр. Премье-министр муну катуу сынга алып, курулушту тездетүүнү, керек болсо бюджеттен кошумча каржы бөлүүнү тапшырды”.

225 орундуу мектептин жалпы сметалык баасы 25 млн сомго бааланып, Түркия грантына салына баштаган.

Учурда өкмөт башчы Темир Сариев Ысык-Көлдө социалдык обьектилерди кыдырып, жол курулушу менен таанышууда.(МТо)

XS
SM
MD
LG