Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Дарыгерлер тобу паракорчулукка шектелүүдө


Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды ооштуруу боюнча илим изилдөө институтунун жетекчи орун басары ири өлчөмдө пара алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Түркиядан келген дарыгерлер жүрөккө акысыз операция жасашкан. Буга карабастан, кыргызстандык дарыгерлер оорулуулардын биринин жакындарынан 120 миң сом сурашкан. Алар 114 миң сомду чогултуп беришкенине алымсынбай, оорулууну бир айдан ашуун операцияны күттүрүп коюшкан. Операцияга жетпеген бейтап айылына кайтып баратканда каза болгон.

Бул окуядан соң пара талап кылуу, пара алуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар делген медайым кармалды. Медайым аркылуу акча институттун жана поликлиниканын бир нече кызматкерлерине, жетекчилерине берилгени аныкталды. (МТо)

XS
SM
MD
LG