Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысына жер бөлүштүрүүдүгү мыйзамсыз аракети үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жетекчи чет элдик кен казуучу компанияга кен казылчу жердин мамлекеттик актысын жең ичинен сүйлөшүү аркылуу арзан бүтүрүп берген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө, тийиштүү жерге жетекчини кызматтан алуу сунушталды. (RsK)