Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Бакуда журналист Хадижа Исмаилованын соту башталды


7-августтагы сот жараянына журналистти колдогону барышкан активисттер, кабарчылар жана жана дипломаттык корпустун ондон ашык өкүлдөрү кире алышкан жок. Жети айдан бери абакта отурган Хадижа Исмаиловага жалган жалаа жапкан, салыктан качкан, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн жана өз кызматынан кыянат пайдаланган деген айыптар тагылууда.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар менен Исмаилованын жакындары журналистке тагылган айыптар саясий өңүттө экенин, президент Илхам Алиев менен анын үй-бүлөсү аралашкан коррупциялык иштерди ачканы үчүн ал ушундай куугунтукка туш болгонун айтышууда.

Исмаилова камакка алынгандан аз өтпөй 26-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Азаттыктын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, радионун документтери, компьютерлердин дисктери жана башка техникалык жабдыктар конфискацияланган. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бул тинтүү өлкөдө сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүгө байланыштуу жүргөнүн айтып тим болгон.

Камактагы Исмаиловага ушул жылдын мартында ПЕН борборунун сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы ыйгарылган. АКШнын Улуттук пресс-клубу Хадижа Исмаиловага “Сөз эркиндиги үчүн” деп аталган эң жогорку сыйлыгын өткөн айда тапшырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG