«Ислам мамлекети» экстремисттик кыймылынын согушкерлери Сириянын борбордук аймагын басып алгандан кийин, Хомс провинциясындагы 230 жайкын тургунду уурдап кетишти. Алардын ичинде христан динин тутунган 60 адам да бар.
Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюму кабарлагандай, согушкерлер Ал-Карятайн шаарынан жарандарды 5-августта барымтага алган. Обсерваториянын жетекчиси Рами Абдел Рахман белгилегендей, «исламчылар» христандардан «президент Асаддын режими менен кызматташат» деп шектенип, ушундай аракетке барган.
Согуштук учурга чейин Ал-Карятайн шаарында 18 миң калк болсо, алардын ичинде сунни мусулмандар, эки миңдей православ жана католик христиандары жашачу. Акыры маалыматтарга карай калаада христиандардын саны кескин кыскарып кеткен.
Акыркы чыр-чатактан кийин да бул шаарга Аллеппо шаарынан качып чыккан христиандар башпаанек издеп келишкен болчу. (ErN)