Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосундагы жаңжалга себеп болгон маселе бүгүн түш оой чечилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.
“Сүйлөшүү оор болду. Кечээ түнкү саат онго чейин сүйлөшүп, сунушубузду Тажикстан тарапка айттык. Алар ойлонуп, бүгүн келишип, сунушка макул болушту. Пескоблок менен курулган дубалды бузуп, эки метр Тажикстан тарапка жылдырышат. Ал жылса, кыргызстандыктар үчүн ары бери өткөнгө жол ачылат. Биз сууну кое берүүгө макул болдук. Бүгүн кечке чейин дубал бузулат деп күтүп атабыз”, - деди Искандаров.
Бир топ күн мурун Тажикстан тургундары Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салышканына нааразы болгон кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган.
Мына ушундан жаңжал тутанып, 3-4-август күндөрү топтошкон элдер бири - бирине таш атышкан. Натыйжада бир нече адам жаракат алып, турак-жайларга зыян келтирилген. (МТо)