Түркиянын түштүк-чыгышындагы полиция менен күрт козголоңчуларынын ортосундагы кагылышта түрк полициясы эки кызматкеринен ажырады. Бул тууралуу Dogan түрк маалымат агенттиги бийликтерге шилтеме берүү менен кабарлады.
Ирак жана Сирия менен чек аралаш аймактагы Түркиянын Силопи шаарындагы урушта түрк күч кызматтарынан 10 чакты адам жабыр тартканы айтылууда. Мерт кеткендердин аты-жөнү тактала элек.
Өткөн айда Күртстан жумушчу партиясы түрк коопсуздук күчтөрүнө чабуулун күчөткөн. 24-июлда Түркиянын аскер аба күчтөрү Сириядагы “Ислам мамлекети” жикчил уюмунун позицияларына абадан сокку урган. Ушул эле күнү Түркиянын аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясы жайгашкан жерлерди абадан аткылашкан.
Күртстан жумушчу партиясынын козголоңу 1984-жылдан башталган жана андан бери күрттөр катышкан кагылыштардан 40 миңдей киши набыт болгон. (ErN)