Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Ош: Милициянын сынагын чагылдырууга тыюу салынды


Бул тууралуу милицияны аттестациялоону чагылдыруу үчүн журналисттер шаардык милицияга кайрылган учурда маалым болду.

Ош облустук ИИБнин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев милицияны аттестациялоо учуру коомчулукка жарыяланбашы тууралуу атайын буйрук бардыгын, анын негизинде сынак жабык өтөрүн билдирди. Ал буйрукка ылайык, аттестацияга катышып жаткан кызматкерлердин ар- намысы коомчулуктан корголушу керектигин кошумчалады.

Бирок коомчулукта милиция кызматкерлеринин билим деңгээлине канааттанбаган маанай болгондуктан экзамендин кандай өтөрүнө кызыккан журналисттер көп.

Аттестациялык комиссия ИИМдин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Ал 10-августка чейин аяктары, андан шаардык жана облустук милициянын 700гө чамалуу кызматкери өтөрү күтүлүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG