2015-жылдын алты айында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1822 факты катталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди.
“Анын ичинде ур-токмок, психологиялык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Кайрылгандардын 95 пайызы күйөөсү аялын сабаган фактылар. Ал эми 5 пайызы аялдардын күйөөсүнө зомбулук көрсөтүшү. Былтыркы көрсөткүч да ушундай болгон”, - деди Осмонбаев.
Бул боюнча 1259 киши административдик жазага тартылып, 198 кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 6-августта эле беш аял күйөөсүнөн токмок жеп, ооруканага түшкөнүн “Азаттыкка” тез жардам кызматынан кабарлашты. (МТо)