Облустун бардык аймактарында шайлоого карата биометрикалык маалыматын тапшырган жарандарды идентификациялоо боюнча тестирлөө башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облакимчиликтин маалымат катчысы Жолдошбек Осмонов билдирди.
Үч күнгө созулган иш-чарада 84 оператор 34 топко бөлүнүп, аймактарда жарандардын шайлоо ыкмасын сыноодон өткөрүшөт.
Облустагы калктын 63,8% же 457 миң жаран биометрикалык маалымат тапшырды. 30-августка чейин өлкөнүн бардык аймактарында өтүүчү иш-чарада 400 миң шайлоочу сыноодон өтүшү керек. (RsK)