Ош шаарындагы муниципиалдык “Ош-Тазалык” ишканасынын ит атарлары шаарда пайда болду делген шектүү жаныбарды атуу үчүн бүгүн түнкү күзөткө чыгышат.
7-августта Ош шаарынын тургуну Жамила Керимбаева жергиликтүү бийликке кайрылып, белгисиз жаныбар короосундагы үч коюн кан чыгарбай өлтүрүп кеткенин билдирди.
Үй ээлери койду жөнөкөй ит же карышкыр жегенине ишенбей жатышат.
Керимбаеванын айтуусунда, эки койдун тамагынан кан сорулган. Дагы бир койдун башы жулунган. Окуя бир апта мурун, түнү ичинде болгон. Үй ээлери белгисиз жандыктан кооптонуп, короосуна байкоочу камераларды орнотушкан.
Шаардын санэпидемкөзөмөл кызматы аталган үйдү дезинфекциялады. (YI)