Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Мырзакматовго чыккан чечим боюнча апелляциялык арыз жазылды


Ош шаардык сотунун Мырзакматовго байланыштуу өкүмүнө каршы анын жактоочулары апелляциялык арыз жазышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мырзакматовдун жактоочусу Айсалкын Карабаева билдирди.

Мырзакматовдун иши эми Ош облустук сотунда 10-августта каралганы турат. Бирок адвокат Карабаева удаа эле шаардык соттун өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароо боюнча Конституциялык палатага да арыз жибергендиктен облустук соттун отурумун жылдыра туруу зарылдыгы чыкканын айтат.

2015-жылдын 22-июлунда Ош шаарынын мурдагы башчысы Мелис Мырзакматовду Ош шаардык соту сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге жети жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы мэрге Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн курууда мамлекетке 29 млн. сомдук зыян келтирген деген айып тагылган. Мырзакматов муну “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. (YI)

XS
SM
MD
LG