Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Кырсыктаган мамкаттоо кызматкерлерине президент акча бөлдү


Мамлекеттик каттоо кызматынын автокырсыкта жабыр тарткан 17 кызматкерине президент Алмазбек Атамбаев социалдык коргоо жана колдоо фондунан 570 миң сом бөлдү.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Көрсөтүлгөн жардамдан оор жаракат алган үч кызматкерге 50 миңден, калгандарына 30 миң сомдон берилет.

Автокырсык 4-августта Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында, кызматкерлер иш сапарга баратканда болгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG