Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Түркияда кырсыкка кабылгандар арасында кыргызстандык жок


Түркияда автокырсыкка кабылган туристтердин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Стамбулдагы Кыргызстандын консулу Руслан Молдакунов билдирди.

“Кечээ эле Деңизлинин полициясы менен сүйлөшкөнбүз. Ал жерде кыргызстандыктар жок дешти. Кырсыктагандар Казакстан, Орусия жана Беларустун жарандары”, - деди Молдакунов.

Кечээ Деңизли шаарындагы Памуккале аймагынан Антальяга келаткан туристтик автобус жаандан улам жолдон тайгаланып, оодарылып кеткен.

Натыйжада, алты адам каза болгону, отуз чактысы жараат алганы кабарланган. Алардын үчөө орусиялык туристтер экени аныкталды. Автобуста жалпысынан 60 адам болгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG