Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Мария Гайдар Орусиянын жарандыгынан баш тартты


Украинанын Одесса облусунун губернаторунун орун басары Мария Гайдар Орусиянын жарандыгынан баш тартуу тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Гайдар өзү Одессанын «Первый городской» телеканалынын кош жарандуулук жөнүндө суроосуна жооп берип жатып ачык айтты. Саясатчы ошондой эле, Орусия анын жарандыгын качан алып салаары белгисиз экенин белгиледи.

Август айынын башында Украинанын президенти Петро Порошенко Мария Гайдарга украин жарандыгын берген. Жаңы паспорт алып жатып Гайдар «украин жергесинде жана Орусияда адамдарды өлтүрүп аткан авторитардык Путиндик режим менен күрөшүү» максатында келгенин айткан.

Грузиянын экс-президенти, учурда Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили Мария Гайдарды өзүнүн социалдык иштер боюнча орун басары кылып дайындаган.

Мария Гайдар орусиялык оппозициялык саясатчы жана коомдук ишмер. Ал буга чейин «Эхо Москвы» радиосунда алып баруучу болгон жана Орусиядагы «Социалдык талап» аттуу фондду жетектечү. (ErN)

XS
SM
MD
LG