Дакка шаарында Нилой Чакрабарти аттуу блоггерди 7-август күнү канжар менен куралданган адамдар өлтүрүп кетишти. Согушкерлер блоггердин үйүнө батир издеп жүргөн киши болуп кирип барышкан.
Интернетте “Нилой” деген псевдоним менен атеисттик блогдорду жазып жүргөн Чакрабартини өлтүргөндөр “исламчыл” согушкерлер экенин полиция тастыктады.
“Ал-Каиданын” Бангладештеги филиалы деп саналган “Ансар ал-Ислам” кыймылы интернетке жарыяланган билдирүүсүндө өлтүрүүнү өз жоопкерчилигине алып, бул акыркы кол салуу эместигин билдирди. Мындан мурдараак өлтүрүлгөн блоггер Вашикур Рахманды да алар жок кылганын кабарлады.
Ушул жылдын башынан бери эле Бангладеште ушуну менен динге ишенбеген төрт блоггер өлтүрүлдү. Дагы жети атеист жазмакери өлкөдөн сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Алар буга чейин интернетте псевдонимдер менен динди жана динчил согушкерлерди сынга алып келген. (ErN)