Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ленин чокусундагы альпинисттер табылды


Ленин чокусунда калган Франция жаранын Куралдуу күчтөрдүн абадан коргоо экипажы Ошко алып келди. Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башчысынын орун басары Гүлзат Жарашованын “Азаттыкка” билдиришинче, экипаж мындан тышкары өлүмгө кабылган орусиялык альпинисттин сөөгүн кошо ала түштү. Франция жаранына дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, ар кандай деңгээлдеги жаракат алганы аныкталган.

Башкы штабдан билдиргендей, альпинисттер Ленин чокусунун жанындагы Ачык-Таш аймагында болушкан. Жалпы операция жарым сааттан ашык убакытты талап кылды.

Альпинисттердин тоодон алып түшүү август айында экинчи ирет өтүп жатат. 2-августта Башкы штабдын тик учмасы кырсыктан өлгөн төрт чет элдик спортчуларды алып түшкөн. Алардын үчөө Орусиянын, бири Польшанын жараны болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG