“Карагат-фест-2015” мөмө-жемиш фестивалы бүгүн Түп районунун Түп айылында башталат. Иш-чаранын негизги максаты - көлдүн мөмө-жемиштерин даңазалоо, дыйкандар, кардарлардын жана өндүрүшчүлөрдүн арасында өнөктөштүк мамилени жайылтуу болуп эсептелет. Фестивалда фермерлерге тамчылатып сугаруу, күнөскана куруу, мөмө-жемишти узак убакыт сактоонун ыкмалары тууралуу маалыматтар берилет. Уюштуруучулар иш-чаранын аркасы менен экотуризмди өнүктүрүү жолдорун талкуулоого мүмкүнчүлүк болорун кошумчалашты.
Иш-чаранын алкагында мөмө-жемиштердин жармаңкеси, заманбап техникалык жабдыктар көрсөтүлүп, мастер-класстар болот. Мындан сырткары өсүмдүк өстүрүүчү жайлар жана жер-жемиш сактоо боюнча адистердин кеңештери берилет.
“Карагат-фест” мөмө-жемиш фестивалы Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейинки иш-чаралар Тоң районунда өтүп келген. (AsA)