20-августтан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында операторлорду окутуу үчүн методикалык класстар ачылат. Каттоо кызматынан билдиргендей, бул үчүн ПРООН 300 миң доллар каражат бөлүүдө. Анын негизинде шайлоо учурунда бардык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу каралууда.
Учурда өлкөнүн бардык аймагында шайлоочуларды идентификациялоону текшерүү иши жүрүүдө. Процесс Нарын облусунда аяктаса, борбор калаада бүгүн соңуна чыгып, Ысык-Көл облусунда башталат. Жаңы шайлоо моделин жарандардын биометрикалык маалыматы боюнча идентификациялоо кыска аралыкта бардык облуста аяктап, операторлорду окутуу башталмакчы.
Акыркы маалымат боюнча 2 млн. 598 миң жаран биометриялык маалыматын тапшырды. (SDz)