Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Казакстанда кырсыкка кабылгандардын тек-жайы аныкталды


Казакстандын Жамбыл облусунда унаа кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча премьер-министр Темир Сариев ӨКМге тапшырма берди. Министр Кубатбек Боронов абал боюнча өкмөт башчыга маалымат берип, мерт кеткендердин жана жаракат алгандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Жол кырсыгында төрт мекендеш өлүмгө кабылган. Алар:

1. Д. Эркебаев, «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу, Ош облусунун тургуну, 1988-жылы туулган;
2. Гулумкан Молдалиева, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну;
3. Исламбек Жаанбаев, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Исламбек;
4. Гүлбайра Атамирзаева, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;

Ошондой эле үч жүргүнчү ар кандай жаракат алып, Приозерск шаарынын борбордук ооруканасына жаткырылды. Алар:

1. Канатбек Адылбек уулу (Ош облусу);
2. Акжол Батыркулов (Жалал-Абад облусу, Сузак району);
3. Гүлзина Жусуп кызы (Ош облусу).

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, кырсык болгон жерге «Мерседес-Спринтер» унаасы жөнөтүлдү.

7-августта Алматы-Екатеринбург унаа жолунда Астана-Чымкент маршруту менен бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» автоунаасы менен бетме-бет кагышкан. “Сетра” автобусундагы жүргүнчүлөр арасында өлүм катталган жок. (SDz)

XS
SM
MD
LG