Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Орусия менен Грузиянын аскердик чырына жети жыл болду


Өзүн көз карандысыз Түштүк Осетия жана Абхазия өлкөлөрү деп жарыялап алган аймакка Тбилиси көзөмөл киргизүү аракети учурунда, 2008-жылы 8-августка караган түнү Орусиянын аскер күчтөрү Грузиянын аймагына кирген. Расмий эмес маалыматтарда бул согушта миңдеген адамдар курман болгон.

Беш күнгө созулган согушта, Грузиянын эки аймагынын көз карандысыздыгын Орусия тааныган. Натыйжада Орусия Абхазия жана Түштүк Осетия аймагына кошумча аскерлерин жана аскер базаларын орноткон. Бүгүнкү күндө Орусиядан тышкары, Венесуэла, Никарагуа жана Науру өлкөлөрү гана Орусия тарабынан оккупацияланган Грузиянын аймагын таанып келишет.

Грузиянын аймактык бүтүндүгү тууралуу маселе Женеванын коопсуздук жана туруктуулук талкуусунда байма-бай каралып келет. Ага 2008-жылдан бери Грузия, Орусия, Абхазия, Түштүк Осетия өлкөлөрү жана БУУ, Евробиримдик, ЖККУ, АКШ өкүлдөрү туруктуу катышып келишет. (SDz)

XS
SM
MD
LG