Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Орус-кыргыз өнүгүү фондунан ишкерлерге каражат бөлүү каралууда


Өнүгүү фондунан ишкерлерге 7% үстөк менен насыя берүүнү карап көрүү зарыл. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду жана орус-кыргыз өнүгүү фондунун төрайымы Нурсулуу Ахметованы кабыл алганда айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлагандай, жолугушууда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча сөздөр жүрдү.

Нурсулуу Ахметованын маалыматында, жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу насыя берүү жагы каралып жатат.

- Алгач чакан жана орто бизнести колдоо иретинде мамлекеттик банктар аркылуу насыя берилсе, келечекте коммерциялык банктар менен Өнүгүү фондунун кызматташуу планы бар. Бизнес долбоорго жараша доллар түрүндө 6-9 пайыз үстөк менен каржылоо максатыбыз бар, – деди Ахметова

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кирип жатканына байланыштуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 500 млн. доллар. Азыр фонддун казынасында капиталдын 250 миллион доллары топтолду. Анткен менен фонд азырынча бир да долбоорду каржылай элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG