Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:52

“Нур Отанда” төраганын орун басары алмашты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары кылып Аскар Мырзахметовду дайындады. Бул туурасында Ак ордонун маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

Жаңы дайындоо президенттик “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин отурумунан кийин чыкты. Бул кызматты буга чейин Бауыржан Байбек ээлеп келген. Ал эми партиянын төрагасы болуп Нурсултан Назарбаев кала бермекчи.

Аскар Мырзахметов 2009-жылдан бери Түштүк-Казакстан облусунун акими болуп келген. 2006-жылы ал Казакстандын Өзбекстандагы элчиси болсо, ага чейин бир катар жетектөөчү кызматтарда, анын ичинде айыл чарба министри, вице-министр кызматтарында болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG