9-11-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Чүй, Нарын жана Ысык-Көлдөгү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
9-августта абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүзү 28…33;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүзү 20…25;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүзү 27…32;
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүзү 28…33;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүзү 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүзү 19…24;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүзү 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүзү 7…12.
9-августа Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болушу күтүлөт.