“Россельхознадзордун” маалыматында жок кылынган санкциялык продукциялардын ичинде 312 тонна жер-жемиш жана 36 тонна эт азыгы бар.
"Россельхознадзор" 6-7 августта 290 тонна азык-түлүктү жок кылуу алдында турганын кабарлаган. Орусиянын тийиштүү мекемелери билдиргендей, дагы деле өлкөгө жасалма документ менен кара тизмеге кирген азык-түлүктү ташуу байкалууда. Анын ичинде Омск облусунда Казакстандан тийиштүү ветеринардык документтери жок чочконун эти кармалган.
29-июлда Орусия президенти Владимир Путин санкциянын тизмегине кирген азыктарды өлкөгө киргизбей жок кылуу жарлыгын чыгарган. Бул кадам коомчулукта нааразычылыкты тутантып, Орусияда кризистин айынан жакырчылыктын көрсөткүчү өскөнү байкалды. (SDz)