Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө кармалган жети адам эркиндикке чыгарылды. Буга жабырануучулар арызын чакыртып алганы себеп болгонун “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Жергиликтүү бийлик башчылар, милиция жана тургундар арасында сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин өз ара түшүнүшүү орун алып, жабыркагандар тил табышууга барганы айтылат.
- Атайын түзүлгөн топ жабыркаган үйлөрдү кыдырып, натыйжада сегиз үйдүн айнек-терезелери талкаланганын аныкташкан. Келтирилген чыгашаны бейбаш кылгандар калыбына келтирип берүүнү моюнуна алышты.
Осмонбаев кошумчалагандай, кармалгандарга Кылмыш кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кармалган балдар бошотулганы менен милиция тарабынан териштирүү иштери токтобойт деди.
8-августка караган түнү Полтавка айылында он чакты бала сегиз үйдүн айнектерин талкалап салган. Буга жабыр тарткандар менен кармалгандар ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болгону маалымдалат. (SDz)