Батыш Африкадагы Мали мамлекетинин полициясы Севарэ шаарынын мейманканасында барымтага алынгандарды бошотту. Атайын даярдыктагы аскердин чабуулунан соң беш исламчы өлтүрүлгөнү маалымдалат.
Отелге чабуул 7-августта кечинде орун алган. Барымтага түшкөндөрдүн арасында Украинанын жараны дагы болгон. Ал согушчандардан качып кеткенге жетишип, имаратта дагы Түштүк Африканын үч жана Орусиянын бир жараны бар экенин айткан. Айрым маалыматтарда барымтада БУУнун тынчтык миссиясынын кызматкерлери да болгону айтылат. Азырынча чабуулду уюштурганын эч ким моюнуна ала элек.
Атышуунун жыйынтыгында онго чукул адам мерт болду. Малинин түндүгүндө радикалдык исламчыл топтордун активдүүлүгү бар. Алар Малинин башка шаарларына байма-бай чабуулдарды жасап келишет. Севарэ шаары Малинин борборунда жайгашкан. (SDz)