Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Грузияда күзүндө нан кымбаттайт


Сентябрь айынан баштап Грузияда нан 10 тетриге кымбаттайт. Буга негизги себеп унга болгон баанын жогорулашы болду.

"Тилекке каршы биз нандын азыркы баасын көпкө кармап тура албайбыз. Өлкөдө 10-июндан бери ундун баасы 37ден 44 лариге кымбаттап кетти. Анын кесепети электр энергиясынын тарифине да таасирин тийгизет",- деди “Ипкли” ААКнын башкы директору Шакро Бакурадзе.

Нандын баасы жогорулай турганын нан чыгаруучулар бирлигинин төрагасы Малхаз Долидзе дагы тастыктады. Негиздүү чаралар мамлекет тарабынан көрүлбөсө, баалар токтоосуз көтөрүлөрүн “Грузия онлайн” порталы кошумчалайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG