“Демократиялуу Петербург” коалициясынын өкүлдөрү Ленинград блокадачыларына арналган эстеликтин жанында санкциялык азык-түлүктү жок кылууга каршы акцияга чыгышты. Алар колдорунда “Азыктарды жок кылуу – уят иш, блокаданы жашап өтөбүз” деген жазууларды кармап алышкан. Ошондой эле алар социалдык-экономикалык абал кыйындап баратканда бийликтин азык-түлүктү жок кылуу кадамын Орусияга каршы кылмыш деп баалашты.
Буга чейин Орусия эки күндө 350 тонна азык-түлүк жок кылынганын маалымдаган. Анын ичинде 312 тонна жер-жемиш жана 36 тонна эт азыгы бар болгонун “Россельхознадзордун” билдирген.
29-июлда Орусия президенти Владимир Путин санкциянын тизмегине кирген азыктарды өлкөгө киргизбей жок кылуу жарлыгын чыгарган. Бул кадам коомчулукта нааразычылыкты тутандырып, Орусияда кризистин айынан жакырчылыктын көрсөткүчү өскөнү байкалды. (SDz)