Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Нурсултан Назарбаев акчаны үнөмдөөгө чакырды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” башкаруучу партиясынын саясый кеңешинин отурумунда өкмөттү жана акимдерди каражатты үнөмдөөгө чакырды.

- Кайра өзгөртүү иштери кыйын кырдаалда өтүп жатат. Экспорт кескин кыскарды, казына каражатын жоготууда. Ошондуктан мен өкмөт жана акимдерди үнөмдүү болууга чакырам. Социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджетке сарамжал мамиле жасайлы.

Акордонун маалымат кызматы кабарлагандай, “Нур Отан” партиясы азыртадан тарта шайлоого даярдана башташы керектигин президент белгиледи. Кийинки жылы боло турган шайлоо кыйын экономикалык абалга туш келиши мүмкүндүгүн Назарбаев партиянын жыйынында айтты.

“Нур Отан” партиясы 1999-жылы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түптөлүп, казак президенти партиянын көч башында туруп келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG