Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Ооганстанда терактта өлгөндөрдүн саны өстү


Ооганстандын түндүгү Кундуз аймагындагы терактта мүрт кеткендердин саны 29га жетти. Алардан төртөө карапайым адамдар болгонун “Азаттыктын” Ооганстандагы кызматы кабарлайт. Буга чейин 22 адам өлгөнү айтылса, саат сайын маалыматтар жаңырууда.

Жергиликтүү полициянын ырасташынча, “Талибан” кыймылынын мүчөсү делген жанкечти унаанын ичине жардыргычты жүктөп, өкмөттүк ыктыярчылар тобун көздөй айдаган.

Кундуздагы полиция өкүлү Сарвар Хусайни маалымдагандай, чабуул Ханабад уездинде орун алды. Бул жерде өкмөткө баш ийбеген аскер топторунун жолугушуусу өтмөк.

7-августта Кабулда бир катар жарылуулар орун алып, ал жакта бери дегенде 51 адамдын өлгөнү айтылууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG